Жалпы жарандык паспортту эми «Түндүк» тиркемеси аркылуу онлайн алмаштырууга болот


«Кызмат» жаңы онлайн кызматты ишке киргизди. 2020-жылкы жана андан кийинки үлгүдөгү жалпы жарандык паспортту «Түндүк» тиркемеси аркылуу алмаштырууга арыз берсе болот. Документ 18 жумушчу күндө даярдалат.

Кызмат мөөнөтү бүткөндө, жеке маалымат өзгөргөндө, паспорт жараксыз болуп калганда же жоголгондо жеткиликтүү. Арызда ФААнын латынча транслитерациясын өзгөртүп, атасынын атын жаздыруу-жаздырбоону тандап, сүрөттү галереядан/тиркемеден/КТБдан штрихкод аркылуу жүктөп, булуттук электрондук кол тамга менен тапшырууга болот.