Ленинграддагы өрттө 5 кыргызстандык жабыркады


Орусиянын Ленинград облусунун Усть-Луга айылында 16-февралда жеке кафеден өрт чыгып, анын кесепетинен 5 кыргызстандык ар кандай даражадагы күйүк алган.

Тышкы иштер министрлиги маалымдагандай, кыргызстандык эки жараны 17-февралда Ленинград облустук ооруканасына текшерүү үчүн көчүрүлгөн, үч жаранга Гатчинская ооруканасында медициналык жардам көрсөтүлүп, амбулатордук дарыланууга коё берилген.

Аталган факты боюнча Россиянын тергөө органы тарабынан кылмыш иши козголду. КРнын Башкы консулдугу бул маселени көзөмөлдөп турат.