2026-жылдын 23-февралында УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө жана тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында оң чечим кабыл алуу үчүн УКМК кызматкерине жалпы салмагы 200 грамм болгон 2 алтын куймасын пара катары берүү учурунда 1978-жылдын 2-майында туулган Д.Р.Е. аттуу жаран кармалды.
Азыркы учурда Д.Р.Е. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.


