Бишкекте алдамчылыкка шектелген аял кармалды


Бишкекте 5 млн сомдук алтын зер буюмдарды алдамчылык жолу менен алып кеткен деп шектелген аял кармалды.

Милициянын маалыматына караганда, ал жабырлануучунун ишенимине кирип, сатып берем деп алып, ошол бойдон таптырбай кеткен. “Алдамчылык” беренеси менен иш козголуп, 39 жаштагы С.А. кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө уланууда.