Кыргызстанда рекетчиликке каршы флешмоб башталды


Мектептеги рэкетчиликке жол жок! Кыргызстанда буллингге каршы флешмоб башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Флешмобго кантип катышса болот?

— Мектептеги профилактикалык иш-чараларды сүрөткө же видеого тарткыла.

— Аларды хэштегдер менен жарыялагыла:
#РэкетчиликкеЖолБербейли #БалдарБиздинКелечегибиз #Мектеп #Мугалим #Ата-эне

— Рэкетчилик менен күрөшүүнүн маанилүүлүгү тууралуу айтып бергиле.

— Рэкетчилик – норма эмес, аны биргеликте токтотушубуз керек! #РэкетчиликкеЖолБербейли флешмобуна кошулгула жана балдардын коопсуздугу – биздин жалпы приоритетибиз экенин көрсөткүлө.

«Келгиле, балдар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу чөйрөнү бирге түзөлү!»,-деп айтылат маалыматта.