Чүй жана Талас облустук ички иштер башкармалыгында тергөөчүлөр жана автоинспекторлор үчүн окуу семинарлары болуп өттү. Иш-чаралар укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин соттук экспертизалар чөйрөсүндөгү квалификациясын жогорулатуу максатында уюштурулган.

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын эксперттери Республикалык соттук-медициналык экспертиза борбору менен биргеликте соттук экспертизаларды дайындоо жана өткөрүү боюнча мыйзамдардагы өзгөртүүлөрдү түшүндүрүштү. Өзгөчө көңүл жол кырсыктарын изилдөө, соттук-биологиялык экспертизалар жана материалдык далилдер менен иштөө нюанстарына бурулду.
КР Юстиция министрлигине караштуу СЭКтин соттук-автотехникалык экспертизалар бөлүмүнүн башчысы Нурзат Кулеков жол-транспорт кырсыктарында түзүлгөн баштапкы документтерди түзүү боюнча практикалык сабак өткөрдү. Иш-чаранын жүрүшүндө автоинспекторлор жол-транспорт кырсыктарынын жерлерин мүнөздөөчү белгилердин табылышын жана фиксациясын, жол-транспорт кырсыктарынын схемаларын түзүүнүн тартибин изилдешти. Тренинг практикалык демонстрациялар менен коштолуп, катышуучуларга үйрөнгөндөрүн реалдуу мисалдар менен бекемдөөгө мүмкүндүк берди.

