Баткенде 7 жасалма мөңгү тоңдурулду


Баткен облусунда суу тартыштыгын жоюуга багытталган жасалма мөңгүлөр долбоору ийгиликтүү ишке ашырылууда. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, облустук бийлик өкүлдөрү Россиянын Оштогу башкы консулу, БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун жана ЕККУ өкүлдөрү менен биргеликте Лейлек районунун Көк-Таш айылындагы жасалма мөңгүнүн абалы менен таанышты.

Учурда Баткен жана Лейлек райондорунда жалпы 7 жасалма мөңгү курулуп, аларда жалпы 1,5 млн куб метрден ашык суу топтолду. Бул суу жаз жана жай айларында эгин сугарууга колдонулат.

Жасалма мөңгүлөр Газ, Согмент, Булак-Башы, Кайыңды (Баткен р-ну) жана Айбийке, Көк-Таш, Сумбула айылдарында жайгашкан. Бул ыкма климаттын өзгөрүү шартында дыйкандарды туруктуу суу менен камсыз кылууга шарт түзөт.

Тараптар бул тажрыйбаны облустун башка аймактарына да жайылтууну макулдашты.