Аыл чарбасынын мыктылары сыйланды


Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин буйругуна ылайык, өлкөнүн айыл чарба тармагына кошкон зор салымы үчүн министрликтин бир нече кызматкерлери ведомстволук сыйлыктар менен сыйланышты.
Сыйлыктар төмөнкү кызматкерлерге ыйгарылды:
 Министрликтин “Ардак грамотасы” – Финансы жана бухгалтердик эсеп башкармалыгынын мамлекеттик сатып алуулар секторунун башчысы Ерматов Нурболот Суюнтбекович.
 Министрликтин “Кол сааты” – Чечимдерди аткарууну контролдоо башкармалыгынын канцелярия жана лингвистика бөлүмүнүн башкы адиси Шаршеева Светлана Джумабековна, ошондой эле Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн башкы адиси Өмүралиева Нургыз Шергазиевна.
 Министрликтин “Ыраазычылык каты” – Эл аралык кызматташтык, экспорт жана инвестиция башкармалыгынын эл аралык кызматташтык жана инвестиция бөлүмүнүн башкы адиси Бактыбекова Айзирек Бактыбековна; бөлүм башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Калдарбекова Алтынай Темишовна; жетектөөчү адиси Бекназарова Нурайым Бекназаровна.
 Чечимдерди даярдоо, укуктук камсыздоо жана экспертиза башкармалыгынын укуктук камсыздоо жана экспертиза бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Думанаева Алина Марсовна.
 Мал чарбасы, ветеринария, жайыт жана тоют башкармалыгынын адиси Алтынбеков Ырыскелди Алтынбекович.
 “Ардактуу кызматкер” төш белгиси – Чечимдерди аткарууну контролдоо башкармалыгынын канцелярия жана лингвистика бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Эмил кызы Майрам.
 Министрлик сыйлык алгандардын эмгеги өлкөнүн айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымын баалоо жана мамлекеттик кызматчыларды колдоо багытындагы маанилүү кадам катары баалайт.