Кыргызстанда социалдык колдоого муктаж үй-бүлөлөргө жана өсүп келе жаткан жаш муунга багытталган эң ири долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырып келе жаткан Тайвань кайрымдуулук фонду (TFCF) өлкөбүздүн социалдык секторундагы эң жигердүү жана ишенимдүү өнөктөштөрдүн бирине айланды. Учурда бул уюмда 44 кызматкер эмгектенет, анын үчөө Тайвань жарандары, калгандары жергиликтүү тургундар.
«Билим берүү – келечектин пайдубалы» деген ураанды бийик туткан бул уюм жүздөгөн окуучуларды заманбап окуу куралдары жана атайын стипендиялар менен камсыз кылып келет. Фонддун өкүлдөрү бул кадамды «муундун жаркын келечегине салынган ишенимдүү инвестиция» катары баалашат.
Андан сырткары Бишкек жана Чүй өрөөнүндөгү муктаж үй-бүлөлөр үчүн тамак-аш, кийим-кечек жана турак-жай шарттарын жакшыртуу боюнча гуманитардык көмөк байма-бай көрсөтүлүп келет.
Ошондой эле «Өнүктүрүү долбоорлорунун» алкагында үй-бүлөлөргө чакан бизнес баштоо жана кошумча киреше табуу үчүн атайын окутуулар уюштурулууда.


Бүгүнкү күнгө чейин миңдеген кыргызстандык үй-бүлөлөр фонддун колдоосу менен турмуштук оор сыноолорду жеңип, жаңы мүмкүнчүлүктөргө ээ болушту. Эксперттер бул уюмдун ишин эл аралык достуктун жана адамкерчиликтин бийик үлгүсү катары белгилешет. Анткени Тайвань кайрымдуулук уюму көптөгөн жакыр аймактарга узун жылдар бою жардамын берип келет. Кыргызстанда бул бул фонд 2012-жылдан бери өз ишмердүүлүгүн улантып келе жатат.
Фонддун жетекчиси Ши Хуй Ман түзүлгөн ар бир жаңы мүмкүнчүлүк жана берилген жардам — коомдун бакубаттыгы үчүн ташталган маанилүү кадам болуп саналарын белгилеп, Кыргызстан жана Тайвандын достук мамилеси чың болушун каалап, уюм мындан ары дагы ишмердүүлүгүн ар багытта кеңейтип, жардам сураган ар бир жаранга кол сунуп, жакын арада Кыргызстандын бардык региондоруна бул фонддун кайрымдуулук, билимге болгон инвестицияны жайылтууга кызыктар экенин билдирди.

Тайвань кайрымдуулук фондунун дагы бир өзгөчөлүгү — алар жөн гана демөөрчүлөрдүн жардамын күтүп отурбастан, мээнеткечтикти жана өз алдынча өнүгүүнү биринчи планга коюшат. Уюмдун алкагында атайын кол өнөрчүлүк курстары иштеп, анда ата-энелер тарабынан өзгөчө суктанууну жараткан буюмдар жасалат.
Учурда бул эмгектерди көбүнчө чет элдик коноктор жана тайвандыктар гана сатып алып, фонддун өнүгүшүнө колдоо көрсөтүп келишет. Бирок, бул кооз буюмдарды өзүбүздүн мекендештерибиз дагы сатып алып, кайрымдуулук ишине кошулса, жардамдын натыйжасы эки эсе натыйжалуу болмок.

Сөзүмдүн аягында айтарым, Тайвань кайрымдуулук фонду — бул жөн гана финансылык колдоо көрсөтүүчү уюм эмес, бул миңдеген адамдарга эртеңки күнгө ишеним тартуулаган, мээримдүүлүктүн тирүү үлгүсү. Фонддун ар бир кадамында адам укугун сыйлоо, балага кам көрүү жана коомду ичинен чыңдоо идеясы жатат.

