Кредиттик тарыхты сактоо мөөнөтүн кыскартуу боюнча мыйзам долбоору кабыл алынды


Жогорку Кеңештин бюджет, финансы, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети «Кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды. Документтин демилгечиси — Министрлер кабинети.

Мыйзам долбооруна ылайык, терс кредиттик тарыхты сактоо мөөнөтү 5 жылдан 2 жылга чейин, ал эми оң кредиттик тарыхты сактоо мөөнөтү 7 жылдан 5 жылга чейин кыскартылат. Негиздемеде бул өзгөртүүлөр жарандардын кредит алуусун жеңилдетип, банк системасына болгон жүктү азайтары белгиленген.