Бишкекте Нооруз майрамына карата масштабдуу иш-чара өтөт


Бишкек мэриясы шаардыктарды жана конокторду Ноорузду бирге майрамдоого чакырат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 21-мартта «Ала-Тоо» аянтында майрамга карата масштабдуу иш-чара өтөт. Саат 11:00дөн 22:00гө чейин борбор калаанын тургундарын жана конокторун салт-санааларга, маданиятка жана жазгы маанайга толгон бай, жаркын жана чыныгы майрамдык программа күтөт.

Андан кийин күн бою аянт чыныгы маданий жана элдик салттардын борборуна айланат. Бул жерде «Ордо» аттуу этномаданий боз үйлөр тигилип, анда ар кайсы этностордун өкүлдөрү конокторду өздөрүнүн улуттук каада-салттары, жашоо-турмушу жана элдик меймандостугу менен тааныштырат.

Ошондой эле улуттук оюндар жана спорттук мелдештер өткөрүлө турган атайын аянтча уюштурулуп, каалоочулардын баары мелдештерге катыша алышат.

Майрамдын алкагында колдонмо жана элдик кол өнөрчүлүк көргөзмөлөрү да уюштурулат. Анда өлкөнүн бардык аймактарынан келген көл өнөрчүлөр кол менен жасалган уникалдуу буюмдарын – улуттук зер буюмдарды, кийизден жасалган буюмдарды, килемдерди, сувенирлерди жана салттуу кол өнөрчүлүк буюмдарын сунушташат.

Майрамдык маанай кыргыз  эстрада жылдыздары, чыгармачыл жамааттар жана артисттер катышкан чоң концерт менен уланат.