КР УКМК тарабынан “Ислам мамлекети” эл аралык террордук уюмунун мүчөсү болгон Т.М.Ш. аттуу КР жаранынын мыйзамсыз ишмердүүлүгү токтотулду.
Аталган жаран Ош облусунун Араван районунда жашап жүргөн учурунда, калк арасында террордук идеологияны жайылтуу менен алектенип, конституциялык түзүмдү кулатууга жана “Халифат” теократиялык мамлекетти түзүүгө чакырык таштап, Жакынкы Чыгыштагы аскердик операцияларга катышуу үчүн жарандарды тарткан, ошондой эле КРнын аймагында террордук актыларды жасоо иш-мерчемдерин түзгөн.
Ишке ашырылган контртеррордук иш-чаралардын жүрүшүндө, шектүү 2026-жылдын 16-март күнү Түркия мамлекетинин Стамбул шаарынын аймагында, КР УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалып, КР аймагына алынып келинип, азыркы учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

