Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан айыл чарба техникаларын жаңылоо жана дыйкандарды колдоо багытында иштер улантылууда.
Ведомствонун маалыматына караганда, 2011-жылдан тартып «Айыл Банк» жана «Элдик Банк» аркылуу 7 лизинг долбоору ишке ашырылып келет. Анын алкагында дыйкандарга айыл чарба техникалары жана кайра иштетүүчү жабдуулар жеңилдетилген шартта берилүүдө.
Техникалар 7 жылдык мөөнөткө, жылдык 6% үстөк менен лизингге сунушталууда.
Жалпысынан мамлекеттик колдоонун негизинде 32 млрд сомго 11 378 даана техника берилди. Анын ичинде 2026-жылы 3,7 млрд сомго 1 089 даана техника дыйкандарга жеткирилди.
Бул иштер айыл чарба тармагын механизациялоону жакшыртып, өндүрүштүн эффективдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзүүдө.

