Бишкектен Аксыдагы Кербен шаарына алгачкы аба каттамы аткарылды. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропортторунан» билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн «Асман аба жолдору» авиакомпаниясынын учагы алгачкы техникалык учуу жасаган.
Эске салсак, бул багыттагы каттам 1-марттан тарта ишке кирет. Рейстер ар жуманын ишемби күндөрү аткарылат.

