Бүгүн Бишкектеги А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында «Федя. Элдик футболчу» көркөм тасмасынын жабык көрсөтүүсү өттү.
Саамалыкка мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков, маданият өкүлдөрү жана атайын чакырылган студенттер катышты.
Белгилей кетсек, көркөм тасманын режиссеру Николай Акелкин. Сергей Шишкаревдин “Сделано в Дело” продюсердик борбору тарабынан IVAN Production компаниясынын катышуусунда жана Кинофонддун колдоосу менен Москвада (ВДНХ, Таганка театры) жана Беларуста тартылган.
Бир жарым сааттык тасма легендарлуу футболчу, «Спартак» (Москва) футбол клубунун жарым коргоочусу Федор Черенковдун өмүрүнө жана спорттук карьерасына арналган.
Башкы каарман — футболчу Федор Черенковдун ролун актёр Станислав Румянцев ойногон. Ошондой эле тасмага Николай Фоменко, Борис Щербаков, Александра Дроздова, Сергей Петренко сыяктуу орустун атактуу театр жана кино актерлору катышкан.
Маалымат үчүн: Федор Черенков 1959-жылы 25-июлда Москвада туулган. Футболчуну айтылуу “Спартакка” атактуу Константин Бесков чакырган. 10-номурлуу Федор Черенковдун оюну нукура искусство деп таанылган. Ал катышкан футболдук мелдештерге күйөрмандар укмуштуу киного ашыккандай жабылып барып, таң калып, суктанып көрүп отурушчу. Анткени ал чыныгы оюн тартуулап, бардык голдорду чеберчилик менен киргизчү. Чыныгы легендага айланган виртуоз футболчуну ал гана эмес, атаандаш командалардын күйөрмандары дагы зор сый-урмат менен кубаттап турушчу.