Бишкекте 16-февралда саат 12:00 чамасында айдоочу көчөдө 12 жаштагы өспүрүм кызды унаа сүзүп кеткен. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
Милициянын айтымында, 17 жаштагы айдоочу кызды Салиев — Кантемиров көчөлөрүнүн кесилишинде “Нива” унаасы менен коюп кеткен. Өспүрүм кыз бир нече жаракат алып, ооруканага түшкөн.
Аталган факт реестрге катталып, бардык экспертизалар дайындалган. Унаа айып аянтчасына киргизилген.

