Орусияда 75 кыргызстандык жаран кармалып турат


Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери ал өлкөдөгү тийиштүү органдар менен бирге 18-февралда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Москвадагы чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайга («Сахарового») барышты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Элчиликтин кызматкерлери борбордун жетекчилиги менен ал жердеги кыргызстандыктардын укугун коргоо, мекенине кайтаруу маселелерин талкуулашты.

Учурда ал борбордо 75 кыргызстандык (мунун ичинен жетөө аял) кармалып турат. Элчиликтин кызматкерлери укуктук кеңеш берип, суроолорго жооп беришти.

Орусиянын мыйзамдарына ылайык, миграциялык эрежени бузган чет элдиктер депортацияга чейин атайын борборлордо кармалышы керек. Бирок айрым учурда миграциялык борборлордо орун жоктугунан мигранттар полициянын убактылуу кармоочу жайларына жөнөтүлөт.