Быйыл 1-класска гана балдар кабыл алынат


Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта «Кабар» агенттигинде өтүп жаткан маалымат жыйынында агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, билим берүү системасын трансформациялоо боюнча өткөн жылы 1-2-класска кабыл алынган.

«12 жылдык окууга карата былтыркы окуу жылда бир жолу гана балдар 1-2-класска кабыл алынган. Быйыл андай муктаждык жок. Мурдагыдай эле балдарды 1-класска эле кабыл алабыз», — деди ал.

Надира Жусупбекова белгилегендей, электрондук каттоо эки этап менен өтөт.

Ата-энелер балдарын 1mektep.edu.gov.kg сайты, «Түндүк» жана башка мобилдик тиркемелер аркылуу аралыктан каттай алат.

«Биринчи этап 1-апрелде саат 10:00дө башталат. Бул этап 1-июнда аяктайт. Ал эми 1-июнда саат 10:00дө экинчи этап башталып, август айынын аягында жыйынтыкталат», — деди министрдин орун басары.