Бул тууралуу “Манас” улуттук академиясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, котормонун бет ачары “Индия – Борбор Азия” эл аралык илимий конференциясынын алкагында өткөн. Эпосту аталган тилге которууну Кыргызстандын Индиядагы элчиси Аскар Бешимов колдоого алып, профессорлор Рамакант Двиведи жана Хем Чандра Пандейлер ишке ашырышкан.
Ал эми аталган конференция 25-26-март күндөрү өтүп, ага Кыргызстандын Индиядагы элчиси Аскар Бешимов, мурдагы элчиси Ирина Оролбаева, “Манас” улуттук академиясынын президенти Назира Аалы кызы катышкан.
“Манас” эпосунун хинди тилине котормосу эл аралык диалогго олуттуу салым катары бааланып, академиялык изилдөөлөргө жаңы жолдорду ачат”,-деп айтылат маалыматта.

