Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ири мелдешке Азиянын күчтүү балбандары катышат. Жарыштын биринчи күнүндө килемге грек-рим күрөшүнүн балбандары чыгат. Анда 55 кг, 63 кг, 77 кг, 87 кг жана 130 кг чейинки салмак категорияларында медалдар ойнотулат.
Аталган салмактарда Кыргызстандын атынан күч сынаша турган балбандар:
- 55 кг чейин — Улан Муратбек уулу;
- 63 кг чейин — Автандил Таалайбеков;
- 77 кг чейин — Акжол Махмудов;
- 87 кг чейин — Асан Жанышов;
- 130 кг чейин — Роман Ким.
Алдын ала беттештер саат 11:30да башталат. Турнир 6–12-апрель күндөрү өтөт.
Белгилей кетсек, Бишкекте буга чейин чоңдор арасында Азия чемпионаты үч ирет — 2007, 2018 жана 2024-жылдары өткөн.

