Афтандил Таалайбек уулу Азия чемпиону болду


Афтандил Таалайбек уулу грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиону болду.

Балбан Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатынын финалында алтын медаль жеңди.

63 кг салмак ченинде күч сынашкан кыргызстандык спортчу ирандык атаандашы Жарканини 7:2 эсебинде утуп алды.