Сузакта 89 миллион сомдук мыйзам бузуу аныкталды


Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын борбордук аппараты Жалал-Абад облусундагы аймактык башкармалыгы менен биргеликте Сузак райондук мамлекеттик администрациясында пландуу текшерүү жүргүзгөн.
Мындан тышкары, Сузак айылынын тургундарынын арызынын негизинде кошумча текшерүү уюштурулуп, анын жыйынтыгында 5,05 га өзгөчө баалуу айыл чарба багытындагы жер тилкеси бузулгандыгы аныкталган.
Жер кыртышын бузгандыгы үчүн болжолдуу зыяндын өлчөмү болжолдуу 89 082 000 (сексен тогуз миллион сексен эки миң) сомду түзгөн.
Жогоруда көрсөтүлгөн фактылар боюнча укуктук баа берүү үчүн материалдар Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилди.