20-апрелге карата аба ырайы


Дүйшөмбүдө Нарын облусунан башка аймактарга жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +20…+25, Талас аймагында +18…+23, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +21…+26, Ысык-Көл жергесинде +13…+18, Нарын өрөөнүндө +12…+17 градус болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +21…+23, Ош шаарында +24…+26 градуска чейин көтөрүлөт.