Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечимине ылайык, Нургазы Анаркулов тергөө абагынан бошотулуп, 10-июнга чейин үй камагына чыгарылды.
Нургазы Анаркулов 17-февралда Казакстандан Кыргызстанга кирип келатканда чек арадан кармалган. Ал Камчыбек Ташиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы кызматынан алынгандан кийин анын атынан билдирүүлөрдү таратып жаткан.
Анаркуловго Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылганы айтылган.

