Бишкекте өткөн Азия чемпионатында Алыш белбоо күрөшү боюнча кыз-келиндер арасында 65 кг салмакта Шайбекова Мырзайым жеңишке жетишип, Азия чемпиону аталды.
Чемпионду тосуп алуу аземине район акими Таалайбек Ишенбеков баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жакындары катышты. Аким Т. Ишенбеков өз сөзүндө Мырзайымдын бул жетишкендиги өжөр эмгектин, кайраттуулуктун жана мекенге болгон сүйүүнүн жыйынтыгы экенин белгилеп, Ноокен районунун атын дүйнөгө тааныткандыгын, келечекте дагы бийик ийгиликтерди багындыруусуна тилектештигин билдирди.
М. Шайбекованы 20-апрель күнү өзү окуган №5 Назир Токторбаев атындагы орто мектебинин мугалимдери кабыл алып, чакан белегин тапшырып, ага мындан ары дагы ийгиликтерди багындырып жүрө беришине тилектештигин билдиришти.
Мырзайым Шайбекова Ноокен районунун Тоскоол-Ата айылынын тургуну. Жаштайынан спорт менен алектенип, облустук деңгээлде алдыңкы орундарды багындырып келген.