1-класска 56 миңден ашык бала катталды


Агартуу министрлиги «Мектеп» автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу балдарды 1-класска каттоо уланып жатканын эскертет.

Ведомствонун маалыматына ылайык, бүгүнкү күнгө карата 56 миңден ашуун бала катталды.

Белгиленгендей, быйыл республика боюнча 190 миңден ашуун квота каралган.

Эскерте кетсек, балдарды 1-класска онлайн каттоо 1-апрелде башталган.