Жайыл районунун базарларында быйылкы жылдын алгачкы кулпунайы сатыкка чыкты
Негизинен «Альбион» сорту сунушталып, ал Жайыл жана Панфилов райондорундагы фермерлер тарабынан өстүрүлгөн. Алгачкы түшүм ири, ширелүү болуп, сатып алуучулар арасында жогорку суроо-талапка ээ.
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан дыйкандарга колдоо көрсөтүлүп, эрте түшүм алуу үчүн заманбап агротехнологияларды колдонууга шарт түзүлүүдө.

