Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде мөмө-жемиштин ири импорттоочусу — Россиянын «Ягодный союз» бирикмесинин башкы директору Игорь Бугорский менен жолугушуу өттү.
Ведомствонун маалыматына караганда, жолугушууда кыргыз мөмө-жемиш багбанчылыгын өнүктүрүү жана тармактын экспорттук мүмкүнчүлүгү талкууланды.
Тараптар экспортко багытталган жогорку суроо-талаптагы алчанын жаңы сортторун өстүрүү, мөмө-жемишти туруктуу жеткирүүнү калыптандыруу, агротехнологияны киргизүү жана өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелерин карашты.
«Ягодный союз» сапаттуу көчөттөр менен камсыздоо, фермерлер менен агрономдорду заманбап агротехнологияга окутуу, мөмө-жемиш тармагына методикалык колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
Тараптар кызматташтыкты өнүктүрүп, мөмө-жемиш багбанчылыгы боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин ырасташты.
Белгилей кетсек, Россияда мөмө-жемишке суроо-талаптын жогорулугу тоңдурулган мөмө-жемишти экспорттоого өбөлгө түзөт.
«Ягодный союз» багбандарды, технологдорду жана логистикалык компанияларды камтыган 120дан ашык уюмду бириктирет. Бул уюм Россиянын мөмө-жемиш рыногунда жана агротехнологияларда маанилүү ролду ойнойт.

