Кумшекер экспорту күн тартибинде


Иш планынын алкагында министрдин орун басары Р.К. Балтабаев, МЭК САР өкүлү, ошондой эле Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын «Кант» кластери боюнча жетекчиси Алмазбек Алтыбаев катышкан жыйын болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кант өндүрүшүнө, анын ички рынокто сатылышына, ошондой эле тармактын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүнө байланыштуу актуалдуу маселелерди талкуулашты. Өзгөчө көңүл бааларды жөнгө салуу механизмдерине жана рыноктун туруктуулугун камсыздоого бурулду.

Белгиленгендей, учурда кант рыногундагы абал туруктуу бойдон калууда. Ошол эле учурда жыйындын катышуучулары тармактын мындан аркы өнүгүшүнө таасир этүүчү айрым тобокелчиликтер бар экенин белгилешти. Бул тобокелчиликтер кеңири каралып, аларды азайтуу боюнча мүмкүн болгон чаралар талкууланды.

Жыйынтыгында тараптар кант тармагындагы туруктуулукту камсыз кылуу жана азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо максатында мындан ары да өз ара кызматташууну жана аракеттерди координациялоону улантууга даяр экендиктерин билдиришти.