Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Жаңы Достук айылында эрте бышкан бадыраңдын түшүмү жыйналып, сатыкка чыгарыла баштады.
Айыл тургуну Махмут Байдиев үстүбүздөгү жылдын март айында 3 сотых жер тилкесине бадыраңдын “Экватор” сортун отургузган. Бүгүнкү күндө алынган түшүм айыл тургундары тарабынан активдүү сатып алынып, ошондой эле жергиликтүү базарларга да жеткирилүүдө.
Аталган сорт өзүнүн эрте бышкандыгы жана жогорку даам сапаты менен айырмаланат. Бул өзгөчөлүктөр дыйканга өндүрүлгөн продукцияны кыска мөөнөттө жана кыйынчылыксыз сатууга мүмкүнчүлүк түзүүдө.
Бул мисал чакан жер тилкесин натыйжалуу пайдалануу аркылуу туруктуу киреше табууга болорун дагы бир жолу тастыктайт.

