Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы “Калпак” айыл чарба өндүрүштүк кооперативинин базасында райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан семинар-кеңешме уюштурулду.
Иш-чарага райондун дыйкан-фермерлери, айыл өкмөт башчылары жана тийиштүү адистер катышты.
Иш-чарага райондун дыйкан-фермерлери, айыл өкмөт башчылары жана тийиштүү адистер катышты.
Семинардын жүрүшүндө тиешелүү кызмат өкүлдөрү дыйкан-фермерлерге өз тармактары боюнча кеңири адистик кеңештерди берип, практикалык сунуштарын ортого салышты. Айрыкча жүгөрү өстүрүүнүн заманбап ыкмалары, сапаттуу силос даярдоонун технологиялары жана агротехнологияларды туура пайдалануу маселелери негизги тема катары каралды.
Белгиленгендей, “Калпак” айыл чарба өндүрүштүк кооперативи өткөн жылы 300 тонна силос өндүргөн болсо, 2026-жылы бул көрсөткүчтү 3000 тоннага жеткирүүнү пландоодо. Бул максатка жетүү үчүн жаңы технологияларды колдонуу, өндүрүштү кеңейтүү жана агротехникалык талаптарды так сактоо зарылдыгы баса белгиленди.

