Республиканын айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүлүп келет. Бул тууралуу айыл арба мнистрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, өндүрүштүн негизги каражаттарын техникалык жабдуу, өлкөнүн машина-трактор паркын кайра калыбына келтирүү жана модернизациялоо, техникалык кызмат көрсөтүүчү кызматтардын инфраструктурасын кеңейтүү, ошондой эле айыл чарба техникасын лизинг жолу менен өнүктүрүү үчүн 2011-жылдан тартып “Гослизинг-1–6” кредиттик линиялары жана ЕАБР долбоору ишке ашырылып келет.
Бардык көрсөтүлгөн долбоорлор ушул долбоорлордун аткаруучу операторлору болуп эсептелген “А Банк” ААКсы жана “Элдик Банк” ААКсы аркылуу ишке ашырылууда.
2011-2026-жылдар аралыгында бардыгы болуп 32,4 миллиард сомго 11 710 даана айыл чарба техника лизинг долбоорлору аркылуу берилсе, анын ичинен 2026-жылы 4,0 миллиард сомго 1427 даана техника берилди. Техниканын түрлөрү боюнча 2026-жылдын ичинде 182 трактор, 3 комбайн, 114 кайра иштетүү өнөр жайы үчүн жабдуулар, 39 айыл чарба машиналары, 571 спецтехника, 518 транспорт каражаттары берилген.

