28-апрелге карата аба ырайы


Бүгүн өлкөнүн айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +23…+28, Талас аймагында +21…+26, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +24…+29, Ысык-Көл, Нарында +14…+19 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +24…+26, Ош шаарында +25…+27 градуска чейин көтөрүлөт.