Эртеңден тарта Бишкектеги оргумалар иштей баштайт


Эртең, 29-апрелден тартып фонтандар иштей баштайт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда «Тазалык» муниципалдык ишканасы фонтандарды ишке киргизүүгө даярдап жатат.

Борбор калаадагы фонтан комплекстери:

  • Ала-Тоо аянтындагы фонтан;
  • Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы фонтан;
  • Жогорку Кеңештин имаратынын алдындагы фонтан;
  • Ататүрк паркындагы фонтан;
  • «Революция күрөшчүлөрүнүн» фонтаны;
  • Токтогул көчөсүндөгү фонтан.