Бишкек шаарында «Өлбөс полк» акциясын өткөрүүгө уруксат берилди. Бул тууралуу 29-апрелде кыймылдын координатору Зульфира Хайбуллина социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
«Уруксат алынды! Сапка тизилүү жарыяланат! Өлбөс полк — келе жатат!», — деп айтылат анын билдирүүсүндө.
Акцияны өткөрүүнүн чоо-жайы кийинчерээк белгилүү болорун кошумчалады ал.
Эске салсак, бүгүн, 29-апрелде Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында депутат Гүля Кожокулова Бишкек мэриясынын аткаминерлери «Өлбөс полк» жөө жүрүшүнүн уюштуруучуларын тоготпой жатканына нааразычылыгын билдирген болчу.

