УКМКнын мурунку төрагасынын кайрылуусун Өткүрбек Рахманов жарыялады.
“Бул кылмыш иши боюнча менин юридикалык жактан толук коргонууга мүмкүнчүлүгүм бар жана Аллахым буюрса, менин эч бир күнөөм жок, акталып чыгам. Кимдин күнөөсү болсо, ал жазасын тартат, ал эми таза болсо акталат. Себеби мамлекетибизде акыйкат сот системасын түзүүгө мамлекет башчыбыздын аракеттери көрүлгөн. Мисалы, 25 адамдан турган “кемпир-абадчылар” да акталышты. Ошондуктан баарыңыздарды мыйзамдын чегинде гана болууңуздарды суранамын”, — деди Ташиев.
Ал эч кандай аракеттердин зарылдыгы жок экендигин билдирди.
Буга чейин Камчыбек Ташиев, Курманкул Зулушев жана Нурланбек Тургунбек уулу сурак бергени кабарланган. Ал тургай, аларга «75чилер каты» деген иш боюнча айыптары угузулганы да айтылган, бирок расмий органдар маалыматты тастыкташкан эмес.

