Базар-Коргондо суу сактагычтын айланасы бекемделүүдө


Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Базар-Коргон райондук суу чарба башкармалыгы белгиленген пландын негизинде иштерди активдүү жүргүзүүдө.
Учурда Базар-Коргон суу сактагычынын аймагында дамбаны бекемдөө иштери жүргүзүлүүдө. Атайын техникалар тартылып, тийиштүү адистердин көзмөлү алдында дамбанын коопсуздугун жогорулатуу максатында тыгыздоо жана бекемдөө иштери активдүү жүрүп жатат.
Эске салсак, аталган суу сактагыч 322 гектар аянтты ээлейт, ага 22 млн куб суу батат. Бул жерде чогулган суу жакынкы айылдарды сугат суусу менен камсыздайт.