Корея Республикасына болгон иш сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Э.А. Акунбеков SAMAN компаниясынын жана Korea Environmental Industry & Technology Institute (KEITI) мамлекеттик корпорациясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун негизги максаты Кыргыз Республикасынын калкын таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу маселелерин талкуулоо болду.
Жолугушуунун жүрүшүндө өлкөдөгү суу менен камсыздоо маселесинин актуалдуулугу белгиленди.
Тараптар Жалал-Абад облусунун калктуу конуштарын суу менен камсыздоону жакшыртуу боюнча башкы планды иштеп чыгуу долбоорун ишке ашыруу маселесин талкуулашты. Долбоор 35 калктуу конушту, анын ичинде Шамалды-Сай жана Кочкор-Ата шаарларын коопсуз ичүүчү суу менен камсыздоону карап, жалпы 126 миңден ашуун калкты камтыйт.
Долбоордун алкагында заманбап суу чарба инфраструктурасын куруу, анын ичинде суу алуу жайларын, насос станцияларын, резервуарларды жана магистралдык суу түтүктөрүн куруу пландалууда. Бул чаралар аймакта туруктуу суу менен камсыздоо системасын түзүүгө мүмкүндүк берет.
Ошондой эле жолугушууда SAMAN компаниясынын Кыргыз Республикасында өкүлчүлүгүн ачуу маселеси талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары чыңдоого, жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана экологиялык туруктуулук менен инфраструктураны өнүктүрүү багытында өнөктөштүктү кеңейтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

