УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев эч жакка чыкпоо тууралуу кол койдуруу менен бошотулганын 29-апрелде адвокат Икрамидин Айткулов ЖМКларга билдирди.
Анын айтымында, Ташиев суракка чакырылып, андан кийин кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси («бийликти күч менен басып алуу») жана 337-беренеси («кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча айып тагылган.
Тергөө ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлүүдө.
10-февралда Ташиев Өкмөттөн биринчи орун басар, УКМК башчысы кызматынан алынып салынган.
Буга чейин ал ИИМге суракка чакырылган.

