Бишкек шаарынын Ленин районунун прокуратурасы баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү — коомдук коопсуздукту камсыздоонун эң маанилүү багыты экенин эскертет. Мындай кылмыштар жалпы коомдун тынчтыгына жана жарандардын коопсуз жашоосуна түздөн-түз коркунуч келтиргендиктен, прокуратура тарабынан райондук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматынын өндүрүшүндөгү ар бир ишке тыкыр жана кылдат көзөмөл жүргүзүлүүдө.
Расмий маалыматтарга таянсак, 2026-жылдын биринчи чейрегинде эле Ленин районунун аймагында баңгизат жүгүртүүгө байланыштуу 13 кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө амалдарынын жыйынтыгында 7 кылмыш иши боюнча тергөө аяктап, жалпы 10 адамга карата айыптары угузулду. Анын ичинен баңгизаттарды сатуу (КЖКнын 282-беренеси) боюнча 4 кылмыш иши алкагында 6 адам, ал эми баңгизаттарды жеке колдонуу үчүн сактоо (КЖКнын 283-беренеси) боюнча 3 кылмыш иши алкагында 4 адам жоопкерчиликке тартылды.
Бул иштердин бардыгы Ленин райондук сотуна жөнөтүлүп, бүгүнкү күндө айыптоо өкүмдөрү кабыл алынууда. Калган 6 кылмыш иши боюнча учурда жагдайларды ар тараптуу жана объективдүү изилдөө, айыпталуучулардын жоопкерчилигин оордотуучу же жеңилдетүүчү жагдайларды аныктоо максатында атайын тергөө аракеттери улантылууда. Алардын жыйынтыгы менен мыйзам талаптарына ылайык тиешелүү процессуалдык чечимдер кабыл алынат.

