Бүгүн өлкө аймагында жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +15…+20, Таласта +13…+18, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +21…+26, Ысык-Көлдө +14…+19, Нарын регионунда +11…+16 градуска жетет.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +17…+19, Ош калаасында +24…+26 градуска чейин көтөрүлөт.

