Адылбек Касымалиев КФБ башчылыгына жалгыз талапкер болду


Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз футбол биримдигинин президенти кызматына расмий түрдө сунушталды. Тиешелүү чечимди уюмдун аткаруу комитети кабыл алды. КФБнын жаңы жетекчисин шайлоо эртең, 12-майга белгиленген.

Учурда Касымалиев бул кызматка жалгыз талапкер болуп саналат. КФБ ошондой эле биримдиктин аткаруу комитетинин бош кызмат орундарына Акылбек Маматов жана Джохан Ералхановдун талапкерлиги көрсөтүлгөнүн билдирди. Буга чейин КФБ президенти кызматын УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев ээлеп келген, ал жакында кызматтан кетерин жарыялаган.