13-майга карата аба ырайы


Бугүн  Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлөт. Башка аймактарда күн ачык болуп, жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +21…+26, Таласта +21…+23, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +23…+28, Ысык-Көлдө +15…+20, Нарын регионунда +18…+20 градуска жетет.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +24…+26, Ош шаарында +25…+27 градусту көрсөтөт. Жаан-чачын болбойт.