Бишкекте уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу 13-майда Ленин райондук ИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Кылмыш 20-мартта кечки саат сегиздер чамасында Бейшеналиева көчөсүндө жайгашкан кафелердин биринде болгон. Жабырлануучунун айтымында, анын ичинде 95 миң сому бар сумкасын уурдап кетишкен. Аял сумкасы жоголгонун байкаганда, кафенин администрациясы менен бирге издөөгө алган. Натыйжада сумка коңшу столдун астынан табылган, бирок ичинде болгону 5000 сому калган.
Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси («Уурулук») боюнча катталган.
Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1997-жылы туулган А.Б. аттуу жаран кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

