Ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген Урмат Бекболиевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн жок


Бишкек шаардык соту 13-майда ишкер Урмат Бекболиевдин баш коргоо чарасы боюнча токтомду карап, аны күчүндө калтырды. Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин, 10-апрелде, Свердлов райондук соту аны үй камагына чыгарган болчу. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту («Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык») боюнча шектелүүдө. Учурдагы чечимге ылайык, ишкер үй камагында калтырылды.

Урмат Бекболиев — ырчы Анжелика Кайратованын мурдагы жолдошу.