15-майга карата аба ырайы


Бүгүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Оштун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарына кар жаайт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология билдирди.
Абанын температурасы Чүй менен Таласта +21…+26, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +26…+31, Ысык-Көлдө +16…+21, Нарын регионунда +17…+22 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +23…+25, Ош калаасында +29…+31 градуска жетет.