Урумчу–Турфан сапарлары: билим берүү, өнөр жай жана тарыхый туризм


Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы достук мамиле жана аны бекемдөө, өнүктүрүүнүн алкагында Кытай тарапты чакыруусу менен журналисттер үчүн уюштурулган бир жумалык Бишкек–Урумчу–Турфан–Бишкек сапары, андагы таасирлер тууралуу окурмандарыбызды тааныштырабыз.  

Иш сапардын алкагында Синьцзян-Уйгур автономиялык районундагы Урумчу шаарынын билим берүү, маданий, өнөр жайлары, атайын көргөзмөлөрүнө, тарыхый жайларына жана Турфан аймагынын турмушу, туризм кызматтарына кызыктуу жана таасирдүү саякаттар уюштурулду.

Алгач Урумчи шаарындагы алдыңкы Синьцзян педагогикалык университетинде болуп, кыргызстандык студенттер жана окутуучулар жамааты менен жолугуштук.

 

      

Аталган университеттин билим берүүдөгү өзгөчөлүктөрү: кытай иероглифтери, чай маданияты жана кагаз кол өнөрчүлүгүнүн ЖОЖдордо дагы үйрөтүлүшү болду. Ошондой эле кыргыз элинин тарыхына жана маданиятына арналган атайын жасалгаланган бөлмөдө студенттер Кыргызстан таанышып, тарыхын үйрөнө алат.

 

   

Кытай иероглифтеринин тарыхы, аларды үйрөнүү тууралуу биздин пресс-турдун катышуучулары  үчүн да сабак өтүлүп, кытайча “жылкы” деп жазып үйрөндүк. Албетте, кытай иероглифтерин жазуу кызыктуу жана татаалыраак болду.

   

   

   

Кыргызстандык студенттер менен пикир алышканыбызда, алар Синьцзян педагогикалык университетинде билим берүү сапаты башка ЖОЖдорго салыштырмалуу абдан жогору жана Урумчу шаары климаттык жана тамак-аш жагынан жашоого ыңгайлуу, жеңил экенин белгилешти.

Аталган университет 1953-жылы негизделген. Кытайдагы алдыңкы мамлекеттик жогорку окуу жайы болуп эсептелет. Университетте педагогика, гуманитардык жана табигый илимдер, ошондой эле кытай тилин чет өлкөлүктөргө окутуу боюнча жогорку деңгээлдеги программалар окутулат. Чет элдик студенттер үчүн бакалавр, магистратура жана докторантура программалары, ошондой эле тил үйрөнүү курстары бар. Көптөгөн студенттер Кытай өкмөтүнүн стипендиялык программалары (CSC) аркылуу бул окуу жайда акысыз билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Синьцзян педагогикалык университетинде 17 жылдан бери кытай тилинен окутуучу болуп эмгектенип келе жаткан, кыргызстандык Искендерова Нуржамал Исамидиновна окуу жайдын турмушу, кыргызстандык студенттер жана окуу жайдагы артыкчылыктар тууралуу айтып берди.

Иш сапардын жүрүшүндө Синьцзян ислам институтунун турмушу менен тааныштык. Аталган институтта эркектер гана билим алат. Кыргызстанда да барган студенттер бар. Инститтутту аяктагандар аймактарга имамдык кызматтарга жиберилет. Студенттердин билим алуучу үчүн заманбап китепкана, ашкана жана спорт менен машыгуучу жайлары түзүлгөн.

    

 

 

  

2025-жылы Синьцзян-Уйгур автоном районунун (СУАР) түзүлгөндүгүнүн 70 жылдыгы Кытайдын президенти Си Цзиньпиндин катышуусунда өткөрүлгөн. СУАРдын 70 жылдык өнүгүү тарыхына арналып жасалган атайын көргөзмө менен тааныштык. Көргөзмөдө акыркы жылдардын ичинде аймакта ири өндүрүштөр, курулуштар жана өзгөрүүлөр болуп, эл аралык мамилелер, алака-катыштар жогорку деңгээлге чыкканы тууралуу маалыматтар менен тааныштык.

   

 

   

   

Кытайда, анын ичинде Синьцзянда оор техникаларды чыгаруу жакшы жолго коюлган. Иш сапардын алкагында Синьцзяндагы оор техникаларды чыгаруучу заводдун иши менен тааныштык. Айыл чарба тармагы үчүн пахта жана жер семирткичтер үчүн, таштанды чогултуучу оор техникаларды 2-3 айдын ичинде даярдап, тапшырык берген тарапка тейлөөчү адистери менен жөнөтүлөрүн билдиришти заводдун жетекчилиги. Өзбекстанга пахта чогултуучу 100 даана комбайн жасалып жатканын билдиришти. Кыргызстандан дагы оор техникаларга тапшырык түшөбү деген сурообузга “Азырынчы жеңил техникаларга гана тапшырыктар бар” дешти. Келечекте Кыргызстан дагы айыл чарбасы, өндүрүшү кубаттуу өлкөгө айланып Кытайга тапшырык берсин деп тилек кылдым.

 

 

 

Ошондой эле чөп өсүмдүктөрүнөн ар кандай ден соолукка пайдалуу БАДдарды жана косметологиялык каражаттарды өндүрүүчү заводдун да ишмердиги менен тааныштык. Кытайда чөп өсүмдүктөрүн өнөр жайга колдонуу үчүн гектарлап плантацияларды өстүрүп, кеңири колдонуларын билдиришти заводдун менеджерлери.

Урумчудөгү тарых музейине жана көркөм сүрөт галереясына да абдан кызыктуу саякат жасалды. Музейлерде мектеп окуучулары (гид) кызматкер катары көрүүчүлөргө музей менен тааныштыруу иштерин аткарып жатканына күбө болдук.

Бул музейлерге дүйнөнүн булуң-бурчунан күнүнө жүздөгөн туристтер келип турушат. Музейлердин эскпонаттары өтө кеңири жана мазмуну бай. Өзгөчө өткөн кылымдардагы мумиялардын сакталышы, кол өнөрчүлүк, таш доорундагы табылгалар таасирлентти.

Кийинки сапарларыбыз тарыхый туризмдин жана айыл чарба продукцияларынын мекени болгон Турфан аймагынан уланат.

Бишкек–Урумчу–Турфан–Бишкек. 08–13-май, 2026-жыл.

Сайрагүл Дуулатова, журналист