Чүйдө унаа сүзүп кеткен беш адам каза болду


Кашка-Суу айылында жол кырсыгынан беш адам каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 14-майда кечке маал Бишкек-Кашка-Суу жолунда Honda Torneo үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу катуу ылдамдыкта беш адамды сүзүп кеткен.

Кырсыктын кесепетинен беш адам мүрт кеткен. Алардын төртөө 14, 6, 4 жана 2 жаштагы балдар.

Кырсык боюнча кылмыш иши козголуп, унаанын 22 жаштагы айдоочусу камакка алынды.