21-феврал күнү Каракол ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө билдирүү түшкөн. Анда Каракол шаарында жайгашкан кароосуз калган имараттын короосунда белгисиз адамдын жансыз денеси асылып турганы тууралуу кабарланган. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
Билдирүү Каракол ШИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Ысык-Көл ОИИБдин жана Каракол ШИИБдин тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барган учурда, Каракол шаарында жайгашкан кароосуз калган эски имараттын арткы короосунда асынып каза болгон адамдын денеси табылган. Териштирүү учурунда маркумдун өздүгү аныкталган.
Ал 19-февралдан бери апасынын арызынын негизинде издөөдө жүргөн, 2008-жылы туулган өспүрүм бала экендиги аныкталган. Окуя болгон жерде маркумдун жансыз денесин кароо учурунда анын денесинде эч кандай жаракаттар аныкталган эмес.
Учурда тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары уланууда.

