Дүйнөгө белгилүү «Enigma» тобунун ырчысы Кыргызстанга келди


Дүйнөгө белгилүү «Enigma» музыкалык долбоорунун вокалисти Эндрю Андерсон Кыргызстанга иш сапары менен келди. Бүгүн, 26-майда, аны менен Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков жолугушту.

Орунбеков дүйнөлүк деңгээлдеги инсандардын келиши Кыргызстандын эл аралык аброюнун көрсөткүчү экенин билдирди. Андерсон жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык айтып, өлкөдөгү өзгөрүүлөрдүн темпине, жергиликтүү тургундардын ачыктыгына жана меймандостугуна таң калганын белгиледи. Июнь айында ал Бишкек жана Ош шаарларында президенттик оркестрдин коштоосунда концерт берет.